Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин мурдагы башчысы кармалды. Ал УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган.
Бул жаран жетекчи болуп турганда Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Ачы массивинин (мурда Шарк) башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизгендиги жана социалдык объекттерди куруу үчүн арналган жер тилкелерин мыйзамсыз берген.
Мындан улам, Кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн анын пайдасына оң чечим чыгаруу максатында УКМК кызматкерине 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара сунуштаган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.