Казакстандын көкпар боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтө турган «Биримдик» кубогуна келбей турганын Informburo. Kz басылмасына Көкпар федерациясы кабарлаган.
«Федерация Ысык-Көлдө өтө турган «Биримдик» кубогуна катыша албайт. Себеби бул датага башка маанилүү иш-чаралар пландалган. Учурда көкпарчылар ошол оюндарга даярданып жатат», — деп билдирген Көкпар федерациясы.
Буга чейин Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпардын финалы чуу менен аяктаган. Мындан кийин Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы казак тарапка «Биримдик» кубогун 1-ноябрда Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүнү сунуштаган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram