7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК кызматкерлери «Нур+» реабилитациялык борборундагы балдарга белектерди беришти

544

Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитеттин кызматкерлери «Ден соолук үчүн бирге» коомдук фондунун «Нур+» реабилитациялык борборундагы майыптыгы бар балдарды жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Салтанаттуу аземде башкармалыктын кызматкерлери Камчыбек Ташиевдин атынан мекеменин жалпы кызматкерлерин жана балдарын келе жаткан майрамы менен куттуктап, бардыгына бекем ден соолук каалашты.

Андан соң УКМК жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан борбордун материалдык базасын чыңдоого 500 миң сом, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн таттуулар жана оюнчуктар тапшырылды.

Өз кезегинде реабилитациялык борбордун жетекчилиги УКМКнын жетекчисине жана кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, жардамдарынын натыйжасында 2021-жылы 1 миллион сом, 2022-жылы 500 миң сом ижара акысына жумшаганын айтты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, УКМК төрагасы бул реабилитациялык борборго регулярдуу түрдө колдоо көрсөтүп келет.

Жыйындын соңунда аталган мекемеге ар тараптуу колдоо көрсөтүү максатында актуалдуу көйгөйлөр талкууланды.

545