7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Үмүт жана Ко» ишканасынын ээсинин үйүнөн 822 миллион сом табылды

744

КР МУКК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:

1) 7,354,475 АКШ доллары;

2) 209,164,100 сом;

3) 100,960 евро

4) 1,055,900 рубль;

5) 155 дирхам.

Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.

Маалыматка караганда, учурда «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.

Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт жана Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз. Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745