7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мамлекеттик байланыш агенттигинин лицензиялык-уруксат берүүчү иш-аракетиндеги дагы бир коррупциялык схеманын бети ачылды

265

УКМК тарабынан Мамлекеттик байланыш агенттигинде көзөмөлдөнгөн компанияларга радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия берүүдө Кыргыз Республикасынын колдонулган мыйзамдарын бузуу менен дагы бир коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.

Маалым болгондой, Мамлекетик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси жеке бир компаниялардын биринин өкүлү менен жең учунан сүйлөшүп алышып, Бишкек жана Ош шаарларында зымсыз туташуу станцияларын иштетүү үчүн аларга 20 МГц өткөрмө жөндөмдүүлүгү бар радиожыштык спектрин колдонууга лицензия берген.
Ал эми аукционго коюлган радиожыштык спектринин баштапкы баасы 61,5 миллион сомду түзүп, мамлекеттин кирешесине кириши мүмкүн болгон.

(Маалымат үчүн: Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан конкурстардын (аукциондордун жана конкурстардын) негизинде гана берилет.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу чаралары көрүлүүдө.
Мындан тышкары, ККК радиожыштык спектрлерин пайдаланууга, аларды кийин аукциондо сатуу үчүн негизсиз берилген лицензияларды түзүү жана мамлекетке кайтаруу боюнча жигердүү иш алып барылууда, жана бул бюджеттин киреше бөлүгүнүн көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.
Азыркы учурда, тергелип жаткан кылмыш иштери боюнча көрүлгөн чаралардын алкагында жалпы баасы 143,7 миллион сомду түзгөн радиожыштыктарды мамлекетке кайтарып берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

266