7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Масадыковдун кеңештерине муктаж эместигин эскертип, өз ишин аткарууга чакырды

965

УКМК бүгүнкү күндө жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө мамлекеттик органдарга, анын ичинде УКМКга мурдагыдан да зарыл деп эсептейт. Анткени бул — коомчулуктун кызыкчылыгында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалыматтын жеткиликтүү ыкмасы. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз бкызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бул жагынан алганда УКМК Масадыковдун берген мындай кеңештерине муктаж эмес.

УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат, зарыл болгон учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот. Өз кезегинде УКМК Масадыковду конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын аткарууга чакырат.

Эске салсак, Таалатбек Масадыков жергиликтүү ММКларга берген интервьюсунда УКМКнын ишин илгерилетүүдө кеңеш бергенге даяр экендигин айткан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

966