7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолукту

607

Садыр Жапаров Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар ар кыл багыттар боюнча эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Кыргызстан боордош Казакстан менен саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да кеңейтүүнү көздөп жатканына басым жасады.

Өз кезегинде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев боордош эки өлкөнүн — Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чечилбеген көйгөйлөр болбошу керектигин баса белгилеп, өз ара байланыштарды тереңдетүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровдун Борбор Азия мамлекет башчыларынын бүгүнкү консультативдик жолугушуусунун алкагында жакшы демилгелерди көтөргөнүн билдирип, ал сунуштарды ар кандай эл аралык аянтчаларда колдоого даярдыгын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608