7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери жолугуп, кызматташууну бекемдешти

612

Садыр Жапаров бүгүн, 6-августта, Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуунун алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Эки өлкө ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдетүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров эки боордош өлкөнүн дээрлик бардык тармактарын ичине камтыган кызматташтыгынын салттуу түрдөгү жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.

Ал көп кырдуу өз ара пайдалуу кызматташууну тереңдетүү, ошондой эле ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо эки элдин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берерин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын башында болуп өткөн иш сапарлар жана иш-чаралар, баарынан мурда анын Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары мунун ачык далили болуп саналат.

Президенттин айтымында, жетишилген конкреттүү макулдашуулардын жыйынтыктары өлкөлөрдүн саясий эркин жана өзгөргүс позициясын билдирип турат. Мындан сырткары, соода-экономикалык кызматташуу боюнча жакынкы жылдарда соода көлөмүн эки миллиард АКШ долларына чыгаруу милдети коюлган.

Өз кезегинде Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев эки тарап тең кызыкдар болгон бардык актуалдуу багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчылары тарабынан жетишилген бардык макулдашуулар биргелешкен аракеттер менен ишке ашырыларына өз ишенимдерин билдиришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

613