Ысык-Көлдүн Түп районунда иш сапар менен жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун картежин тосуп чыккан Тасма айылынын тургундары, төраганы жолтандабас Toyota Land Cruiser 200 унаасынан түшүрүп, өздөрүнүн эски Audiсине олтурууга көндүргөн.
Негизги максат бул аймактагы автожолдун абалын көрсөтүү эле. Элдин бул аракети жакшы натыйжа берип, Марипов аталган аймактагы жолду реконструкциялоо ишин кийинки жылдагы планга киргизүү боюнча, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берген. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы өздүк баракчасына да жазды.