7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мугалимдерди жумуштан кетирем деп коркутуу менен акча талап кылган директор кармалды

313

Талас облусундагы мектептин биринин директору тарабынан мугалимдердин эмгек акысынын бир бөлүгүн мыйзамсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматты билдирди.

Маалым болгондой, 2-февралда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Талас облусундагы орто мектептин директору кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ушул мектептин кызматкерлеринен акча алып, жумуштан кетиребиз деп коркуткандыгы аныкталган.
«Аталган мектептин директорунун иш бөлмөсүн тинтүү учурунда билим берүү мекемесинин мугалимдерине жана техникалык кызматкерлерине эмгек акыны эсептөө үчүн мезгил-мезгили менен акча каражатын алып турган 9 банк картасы табылып алынды«-деп жазылат маалыматта.

Жогорудагы факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда бул схемага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

314