УКМК тарабынан Талас облустук К.Медетбеков атындагы музыкалык драма театрына сатылып алынган музыкалык аппаратуралар иш жүзүндөгү баасын жогору баада бааланган фактылар аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.
Маалым болгондой, К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрына, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери тарабынан, кабыл алуу актысы менен, жеке компаниялардан 25 миллион сом суммасында музыкалык аппаратураларды сатып алышкан.
Ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплексин жүргүзүү учурунда, сатылып алынган музыкалык шаймандардын баасы 10 миллион сомдон ашыкча көрсөтүлгөнү аныкталды.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.