Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 14-январында ИИБге К.А. аттуу жаран арызы менен кайрылып, анда 2020-жылы 21-сентябрда Манас проспектисинде ишенимине кирип, Казакстандан үч фура тооктун жумурткасын чыгарып берем деп, 3 млн 673 миң сомун алдап, андан кийин убадасын аткарбай изин жашырып кеткен “Г.” аттуу чала таанышына чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган А.Г. аттуу шектүү Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирилген, атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн алкагында анын аталган кылмышты жасоого катыштыгы бар экени аныкталып, КРнын Жазык одексинин 98-беренеси боюнча камакка алынган.
Мындан тышкары, Ленин райондук ИИБге шектүү А.Г.ны алдамчылык аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы бир арыз келип түшкөн. Бул учур боюнча жалпы чыгым такталууда”,-деп айтылат маалыматта.