Жаңы психоактивдүү заттарды сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызмат билдирди.
Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам изидөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан интернет аркылуу «Телеграмм» социалдык тармагында «@LuCHiKso» аттуу акаунту менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталган.
Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу Оруссия Федерациясынын жараны кармалган.
Жүргүзүлгөн кечиктирилгис тинтүүнүн натыйжасында жарандын жашаган жеринен ижарага алынган батирден кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.
Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.