«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Географиялык маалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин геомаалыматтык системалар жана маалыматтык технологиялар башкармалыгынын башчысы “Т.Б.” кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, аталган адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында далилдөөчү негиз боло ала турган документтер табылып алынган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-пунктунда каралган айыл чарба багытындагы жерлерди жеке турак-жай курууга мыйзамсыз которуу жана сатуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын биридиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Белгилей кетсек, бул факт боюнча мурда Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын мурдагы жетекчилери “Б.Б” жана “Ш.С.”, Нариман айыл аймагынын мурдагы башчысы «И.Г.», Нариман айыл аймагынын башчысы “Н.Х.”, коррупциялык топтун мүчөсү “Н.Х.” жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Кара-Көл району боюнча филиалынын убактылуу башсысы “А.М.Ж.” кармалышып, УКМК тергөө камак жайына киргизилишкен.