Жети-Өгүздө жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунда Балыкчы-Боконбаев-Каракол унаа жолунун 200-чакырымында (Шалба айылы) Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1979-жылы туулган Б.М. аттуу эркек киши каза болгон.
Жерине 4 куткаруучу тартылган.