Опузалап пара алуу фактысы боюнча Ош шаардык ИИБ кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
4-октябрында Ош шаардык ИИБ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, пара алып жаткан жеринен Ош шаардык ИИБ №5-шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү милициянын лейтенанты «А.Т.» кармалды.
Кармалган адам КР жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.
Ал алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн, (ата аталбаган жарандан) пара талап кылган.