Борбор калаадагы жетишпеген 4 105 үй-бүлө мэриядан бериле турган көмүрдүн ордуна акча алат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
«Жеңилдик ала турган категориядагы 4 105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом төлөнөт (болжол менен ар бир бүлөгө 5 225 сом — ред.). 18,47 миллион сомдук компенсация 3 672 түтүнгө берилди. Тагыраагы, алардын 89 пайызы тиешелүү каражатын алды», — деп айтты мэриядан.
Маалыматка ылайык, буга чейин муниципалитеттен акчалай компенсациянын көлөмү 5 700 сом экендигин, бир бүлөгө 1,5 тонна көмүр берилерин айткан. Жалгыз жашаган пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жеткирип берүү үчүн акча каралмак. Шаар борборунда жашагандарга 500, конуштардагыларга 700 сомдон бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, учурда көмүрдүн Кара-Кечеден ташылгандары 4 500-4 700 сом, Казакстандан алып келингени андан кымбат. Кээ бир жерлерде такыр эле жоктугун айтышты.
Буга чейин «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов Чүй облусунда жергиликтүү көмүр 4,5-4,7 миң сом турарын билдирген. Андан улам учурда 1,5 тонна сатып алуу үчүн жеткире турган акчасын кошпогондо 6 750 сом керек болот.