7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Ошто теракт жасоону пландаган жаран кармалды

215

31-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз өлкөсүнүн аймагында пландалган терактынын алдын алды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы маалымат таратты. Маалыматка ылайык, иш-чара коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иштин натыйжасында болгон жана окуяга байланыштуу Ош облусунун аймагында Кыргыз жараны кармалган. «Кармалган адам эл аралык террордук уюмдун мүчөсү болгон. Башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде террордук акт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат даярдамак экен», — деп айтылат маалыматта. Кармалган адамдын жашаган жерине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган. Ал УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иши жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

216