7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Пара алуу фактысы боюнча «Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы кармалды

368

УКМК «Кыргызалтын» ААК Башкармалыгынын төрагасы «У.Э.А.» тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алууну системалаштыруу фактыларын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.
Маалым болгондой, «У.Э.А.» алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган.

«2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда “У.Э.А.” кармалды.
Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, «Кыргызалтындын» жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Аталган факт боюнча жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде «У.Э.А.» Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»
-деп жазылган маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

369