7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Социалдык тармакта тараган алтын куймалар жөнүндөгү маалымат фейк

416

Интернет социалдык түйүндөрүндө алтын куймалары бар кандайдыр бир жүк тууралуу чагымчыл видео таралып, анда белгисиз адам алар Кыргыз Республикасынын саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экенин белгилеген.

Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтар боюнча, бул чагымчыл видеотасманы даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылган.

КР УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасынын жетекчисин каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт.

Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна алып келиши жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн.

КР УКМК жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, интернет колдонуучуларды бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырат, ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн каралган кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

417