Мен башынан эле, бир канча жыл мурун ушул Болот Темировко “изилдөөчү-журналист” болуп чыкканда, шекшигендей болуп, ишенген эмесмин. Бул тууралуу Эдил Байсалов жазды.
“Искренность деп коетко. Ушунусу жок болчу, канча аракет кылбаса да. Карьеристтей эле сезилчү. Бирок мына акыркы эки жылда ушул москвалыктыкы өттү. Канча жолу ачыктан ачык эле карасанатай бузукулугун көрсөткөн! Эми бүгүнүсүн карабайсыздарбы.
Тамчыдан Кипрге кайсы бир жылы жайында бир чартер учканын көрүп, өзүнө түгөй бир башка саткын-акмактар менен жасалма бир видео тартып, “бийлик алтынды уурдап, сыртка ташып чыгарып атат” деп жалаа жалган эле эмес, кадимки душманчылык кылганын.
“Соцмедиада бир видео тарады” демиш болуп, бир эле саатта калп эле изилдөө кылымыш болуп, ютубка мобундай дап-даяр шедевр илип, тим эле тастыктай салганычы. Өздөрү фейк тартышкан! Фейк болгону даана көрүнүп турат. Биринчиден, алтын минтип жүктөлбөйт, ташылбайт.
Алтын өтө оор. Ар бир слитка 12.4 кг. Бул акмактарга ишенсек бир коробкада 31 штук слитка дешсе — анда 384 кг. Баары кошулуп 1.548 килограмм — бир жарым тонна!!! Элестеткиле? Ошол коробкага салып койсо, аны ким көтөрө алмак эле?
Экинчиден, алтын слиток атайын маркировкалары болот, проба, уникалдуу номурлары менен. Ошол үчүн слиток! Буларда бирөөсүндө да көрүнбөйт. Бизде 999.9 проба — алтын кадимкидей жалтырайт. Бул видеодо андай жок.
Үчүнчүдөн, ошол алтынды сен атайын жеке менчик самолет жалдап, чартер кылып алып баратсаң, тим эое бандероль-посылка почтадан салгансып — ар бирөөсүнө датасын жазып, маршрут Тамчы-Ларнака — анысын дагы коробканын сыртына эмес, крышкасынын ичине жазган көк мээлер — бизди келесоо деп эсептешеби???
Мен дагы бир канча аргумент таап жазсам болот эле, бул видео фейк экенин далилдеп. Бирок жетишет! Элибиз акыйкатты сүйөт, сезет! Азыркы Президентибизге, балким, үч жыл мурун мындай жалаа таркаса — жабышмак. Ишенчээктер гана эмес, сүткө оозун күйгүзгөн, бийликтен түңүлүп калган шордуу байкуш элибиз ишенмек. Бирок, азыр мындай трюктар өтпөйт, Болот Темиров.
Элдин ишеними бекем Садыр Жапаров жетектеген бийликке. Көрүп билип калды ак эмгегин аябай, чын жүрөктөн ЭЛИНЕ КЫЗМАТ кылып атканына… Карапайым элибиз башынан эле сезип, колдогон көбү. Бирок мына акыркы бир жылдын ичинде, көптөгөн скептик жана критиктер да чындыкты тана албай, кадимкидей үмүттөнүп, ийгилик тилеп калышты.
Алтындын бир жарым тоннасы эмес, бир граммы да тымызын уурдалып, сатылган жок. Баары ордунда!
Уят сага, Болот Темиров! Уялбагандан өзүн уял дейт бизде. «Испанский стыд» деп коет муну. После такого «расследования» и галимого навешивания на вентилятор, Петя, тебе уже никто никогда не поверит. Действительно очень жалко пацанов, кто когда то повелся на тебя”,-деди Байсалов.