Шаардык жолдор башкармалыгы Жалал-Абад шаарындагы Азимов көчөсүнүн капиталдык курулушуна тендер жарыялады.
Тендердин сметалык баасы 220 млн 5 миң 587 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 22-майга чейин тапшыруу зарыл.
Азимов көчөсүнүн Манас көчөсүнөн Жамашев көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.