Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 100 жашка толот.
Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда туулган. 1943-жылы согушка кетип, 1950-жылы Ата Мекенине кайтып келген. Согуштан кайткандан кийин Ноокат районунун Кеңеш колхозунда фермер, бригадир, кассир болуп эмгектенген.
Байбичеси, уулу өтүп кеткен, учурда небереси Медербек Касымбаевдин колунда турат. 1 кыз, 27 небере, 55 чебере, 3 кыбырасы бар.
Согуш жылдарында эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун юбилейлик медалдары жана аскер сыйлыктары менен сыйланган.