Кайсы бир адам өмүр бою эмгектенип, эч ким менен чатакташпай, эч бир былык иштерге катышпай жүрүп, бирок бир күнү, мисалга, унаа айдап баратып көчөдөгү адамды коюп кетсе, же кайсы бир талаш учурунда жини келип кетип, бирөөнү таш менен уруп алса, анын мурдагы 30-40-50 жылдык адал турмушун ошол бир күн жокко чыгарып коёт. Коррупция менен дагы ошондой – бир окуя баардык мурдагы сиңген эмгекти жандырып салат.
16-январда билим берүү тармагынын жетекчилерин Улуттук коопсуздук кызматынын Академиясына чакырып, алар менен коррупция тууралуу сүйлөшкөндө, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев – коррупция көпчүлүк элдин кадимки турмуш ыкмасы болуп калганы менен, билим берүү тармагында таза иштегендер дагы көп, бирок 100 адамдын ону эле бузулган болсо, алар бүткүл тармакты чиритет деп билдирди.
«Может быть, среди вас есть (не то, что может быть, обязательно есть среди вас) очень хорошие, честные преподаватели, честные руководители, в этом я не сомневаюсь, оно есть. Кыргыздар айтып коёт – бир карын майды бир кумалак чиритет деп. Если из 100 руководителей 10 будут взяточниками, это, считайте, что вся система уже как бы испорчена…»
Ишкананын жетекчиси кандай болсо, ал ишкана өзү да ошентип иштейт, кайсы бир мекеменин башчысы өзү уурдабаса, кол алдында иштегендерге дагы уурдатпайт. Анткен менен, кээде биринчи адам өзү коррупцияга малынбаса дагы, кол алдындагылар уурдап жатканына көз жумуп койгон учурлар кездешет, бирок алардын былык иштерин токтоптосо, андай жетекчи кылмышка жол ачып берген жана кылмышка өзү да катышкан десе болот.
«Менин бул кайрылганымдын себеби – сиздерге түшүндүрүп коёюн деп атам да, анткени профилактика – это тоже есть лечение. Силерге профилактика кылып коёюн, угуп коюңуздар. Вы знаете серьёзность наших намерений – мы очень серьёзно намерены добиться искоренения коррупции. Карабайбыз – кимиң, кечиресиздер, профессор, ким – академик, кимдин дагы кандай даражасы бар, канча жыл иштеди – ага карабайбыз. Если попался человек на взятке, и даже если человек не попался, но организовал коррупционную схему, таких мы тоже будем выявлять. Коррупционные схемы организовывают как? Ректор никогда не берёт сам на руки деньги, он берёт через своих доверенных лиц, у него всегда имеется 2-3 таких человека, через них он организует коррупционные схемы. Так. И эти коррупционные схемы мы будем выявлять, и мы знаем, в каких вузах имеется коррупция и она продолжается», – деди Ташиев.
Буга чейин Ташиев салык системасындагы мүчүлүштүктөрдү сындап келген жана бир нече регионалдык жетекчи жазаланган, декабрдын башында болсо Бишкектин төрт райондук салык кызматынын үчөөнүн башчысы кармалды, андан кийин дароо Салык кызматынын жетекчиси өзү жана анын орун басары камакка алынды. Азыр билим берүү тармагындагы коррупция маселеси көтөрүлүүдө жана Ташиев: коррупция менен күрөштү окуу жайларынан башташ керек экен дейт.