ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин катышуусунда өспүрүмдөрдүн жол коопсуздугун камсыздоого багытталган үч тараптуу жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Надира Жусупбекова, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков жана ММСЖСМнин Жаштар саясаты башкармалыгынын башчысы Аскар Шайкидинов катышып, Укук бузуулардын алдын алууга багытталган Кыргыз Республикасынын 60-мыйзамынын талаптарын, Министрлер кабинетинин тийиштүү токтом, тескемелерин аткаруу, жана өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алуу чаралары каралды. Ошондой эле окуучуларга жол эрежелерин үйрөтүү багытындагы класстык бурчтарды, окутуу методикалык программаларды замандын талабына шайкеш келтирүү, аларды жаңыртуу жана өзгөртүү жагдайлары каралды.
Жыйындын жүрүшүндө башкы башкармалыктын башчысы Ж. Джоробеков өспүрүмдөрдүн катышуусунда катталган жол кырсыктарына кенен токтолуп, акыркы жылдары балдардын катышуусунда жол кырсыктары бир топ пайызга азайганы менен, бүгүнкү күндө дагы эле болсо маанилүү көйгөй катары калып жаткандыгын баса белгилеп, бул багытта биргелешип, иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи. Айрыкча балдарга жол эрежелерин жеткирүүдө интернет булактарына, маалымдоо каражаттарына профилактика иштерин кеңири чагылдырып турууну жана жаштар менен өткөрүлүүчү форумдарда жол кырсыктарынын алдын алуу багыттарын көрсөтүүдө жашоодон алынган чыныгы окуялар менен сахналаштырып, же көркөм театрлаштырып коомчулукка чагылдыруу жагын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине сунуштады.
Ал эми Билим берүү жана илим министрлигине мектептерде жол эрежелерин үйрөтүү сабактарын өткөрүү, чейрек сайын чогулуучу ата-энелер жыйналыштарына жол тескөөчүлөрүнөн да катыштуруу, орто жана жогорку окуу жайларына жол коопсуздугу багытында тегерек столдорду, илимий практикалык конференцияларды жана акыл, ой агартуу конкурстарын уюштуруп туруу сунушталды. Аны менен катар ар бир мектепте “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү” командаларын уюштуруп, окуучулардын жолдон өтүү, жол чырактарга баш ийүү өңдүү үгүт-насаат иштерин жүргүзүп туруу зарылчылыгын белгиледи.
Кеңешменин соңунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоо жана жалпы жол кыймылынын катышуучуларынын жолдо жүрүү маданиятын жогорулатуу багытында алдыдагы аткарыла турган иш-мерчемдерди түзүү боюнча биргелешкен протоколдук тапшырмалар берилди.