Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлыкка ылайык, төмөнкү жетекчилер кызматтан алынды:
- УКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов Курванбек Рахманович;
- УКМК төрагасынын орун басары — Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору Рысалиев Даниэл Ормонбекович;
- УКМК төрагасынын орун басары — Антитеррордук борборунун директору Сманов Элизар Мухамедкулович.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да кызматтан кеткен.



