7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК Таласта жол тескөөчүнү пара менен кармады

281

Талас облусунда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

28-февралда айып короо жайынан унааны берүү боюнча акча каражатын мыйзамсыз алгандыгы үчүн Талас облусунун Айтматов РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, кенже инспектору, милициянын майору жана милициянын сержанты кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

УКМК мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда жарандарды 03422 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефондоруна кайрылууга чакырат.

 

282