7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК тергөөчүнү 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармады

1233

Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Д. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аталган тергөөчү “С.Б.” аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде сотко чейин өндүрүш иши башталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1234