7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Турак-жай жана жарандык курулуш департаментинин башчысы кармалды»

298

Мамлекеттик архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттигиндеги коррупциялык схема жок кылынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Мамлекеттик курулуш комитетинин Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлери материалдык жана башка артыкчылыктарды алуу максатында, өзүнө берилген ыйгарым укуктарды мыйзамсыз пайдаланып, системалуу негизде курулуш компаниялардын өкүлдөрүнөн өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын алышканы аныкталды. Атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, курулуш компанияларынын биринин өкүлдөрү тарабынан Мамлекеттик курулуш комитетинин жооптуу кызматкерлерине 1 миллион 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын которуу фактысы катталды», — деп жазылат билдирүүдө.

Мындан улам, Турак жай жана жарандык курулуш департаментинин директору А.А.К. жана департаменттин инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу боюнча координациялык топтун директору Э.Р.К. кармалып, экөө тең УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

299