Туризмди колдоо фондуна кылмыш иши козголуп, кеңсеси тинтүүгө алынды.
УКМК төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков парламентте билдиргендей,
жолдун бойлоруна туристтер токтоп эс алып кетүүгө ылайыкталган пунктуларды (Rest Point) курууда коррупциялык иштер болгон.
«28-апрелде Туризмди колдоо фондунун кеңсеси жана жетекчиси Елена Калашникованын үйү УКМК тарабынан тинтүүгө алынды. Жыйынтыгында курулуш иштеринин документтери, Калашниковага таандык Россиянын жарандыгындагы үч паспорт, Кыргызстан жарандыгындагы бир паспорт алынган», — деди ал.
Ал эми Калашникова тендер боюнча бир Rest Point 6,5 миллион сомго бааланып, курулганын айтты.