7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Жеңиштин 78 жылдыгы кандай белгиленет?

425

9-майда Жеңиш аянтында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Саат 10:00 Түштүк дарбазадан “Өлбөс полк-Кыргызстан” акциясы башталат.

Иш-чаралар борбордун бардык райондорунда уюштурулат.

ЛЕНИН РАЙОНУ:

8-майда саат 10:00дө Жаш Гвардия бульварында жайгашкан Баатырлар аллеясында курман болгон жоокерлердин эстелигине митинг-реквием жана гүл чамбарларды коюу өткөрүлөт.

9-майда район башчысы ардагерлерди үйүндө зыярат кылат.

ОКТЯБРЬ РАЙОНУ:

9-майда саат 18:00дө “Ынтымак-2” сейил багында шаардыктар үчүн “Жеңиш ырлары” аттуу концерт даярдалат.

БИРИНЧИ МАЙ РАЙОНУ:

2023-жылдын 1-майынан 5-майына чейин №29 МГ спорт комплексинин базасында Жеңиш күнүнүн мааракесин майрамдоого арналган «Жеңиш кубогу» жылдык спорттук турнири өткөрүлүүдө. Турнирге Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин балдары, Казакстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын курама командалары катышат.

8-майда саат 10:00дө Боордош көрүстөндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 78 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

9-майда саат 12:00дө Кыргызстан элинин ассамблеясынын алдындагы аянтчада «Гармония» АК борбору майрамдык концерт өткөрөт.

СВЕРДЛОВ РАЙОНУ:

4-майда саат 13:00дө «Красный строитель» конушунун «Аул паркында» Улуу Ата Мекендик согуштун эстелигине гүл коюу иш-чарасы болот.

.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

426