Соң-Көл жайлоосуна кетип, байланышка чыкпай жаткан канадалык туристтер куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
2 канадалык жана 2 кыргызстандык 30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна «Toyota Sequoia» үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
«Жерине 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган. Аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу»- деп берилет маалыматта.