7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутаттыкка талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду

1321

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда №30 Ысык-Ата районунун депутаттыгына талапкер Таштанбековдун катышуусунда видеотасма  социолдык тармактарга тараган.

«Бул видеодо Таштанбековдун коомчулукта терс пикир жараткан улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттери ачык эле көрүнүп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын 4-декабрында Таштанбековдун аракеттеринде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда («Улуттар аралык жана региондор аралык кастыкты козутуу») каралган кылмыштын белгилери бар экендигин эске алуу менен кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 6-декабрда тергөө органдары тарабынан бул кылмышты жасагандыгы үчүн Таштанбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылуу жөнөтүлгөн.

«Жогорудагы кайрылуунун жыйынтыгы боюнча тергөө тарабынан тиешелүү процессуалдык чечим чыгарылып, Акбөкөн Таштанбековдун аракеттерине юридикалык баа берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1322