7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын башчысынын мурдагы орун басарына кылмышка шектүү катары издөө жарыяланды

286

УКМКнын кызматкерлеринин макулдашуусу менен зергер буюмдарды өзгөчө ири масштабда ташуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын башчысынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев бул кылмышка тиешеси бар деген жүйө менен издөө жарыяланды.


«Бул жана башка кылмыш иштерине шектүү катары Болот Сүйүмбаевге бир нече ирет чакыруу кагазы жиберилген, бирок ал келбей жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүгү («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 223-беренесинин 2-бөлүгү боюнча («Экономикалык аткезчилик») шектелип издөө жарыяланды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

287