7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын кесиптик майрамына карата салтанаттуу чогулуш болуп өттү

235

УКМКнын кесиптик майрамына карата салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Борбордук имараттында Кыргызстандын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин майрамына арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.


Салтанаттуу чогулушта КР Вице-премьер-министри Максат Мамытканов, УКМК ардагерлери, жетекчилери жана өздүк курамы катышты. Максат Мамытканов куттуктоосун окуп, УКМКнын кызматкерлерине терроризм, экстремизм жана коррупция менен күрөшүүдө жүргүзгөн жакшы иштерине алкыш айтып кетти.


Ошондой эле белгиленгендей, Коопсуздук комитети азыркы чакырыктарга каршы күрөшүү боюнча өзүнүн иштерин күчөтүү зарылдыгы жана Кыргызстандын улуттук коопсуздугун коргоо боюнча баардык зарыл чараларды көрүү керектиги айтылды. Өзүнүн куттуктоо сөзүнүн аягында Коопсуздук комитетинин ардагерлерин жана кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, баардыгына ден-соолук жана үй-блөлүк бакубатчылык каалап кетти.

УКМКнын төрагасы, генерал-майор Камчыбек Ташиев өзүнүн сөзүндө 2020- жыл оор болгондугун жана чекистердин алдында Улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча көп иш турганын белгиледи. Аны менен катар мындан ары дагы Мекен алдында өздөрүнүн милдеттерин ар-намыс менен аткаруусуна ишендирип кетти. Аягында айырмаланган кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

236