7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды

423

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын Ленин райондук бөлүмүнүн жаңы имараты ачылды.

Имараттын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ардагерлер жана башкармалыктын өздүк курамы катышты. Жаңы имарат толугу менен заманбап техникалар менен жабдылып, аскер кызматкерлеринин улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгында жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Ташиев башкы башкармалыктын кызматкерлерин куттуктап, республиканын жетекчилиги тарабынан мындан ары да мамлекеттин көз карандысыздыгы, аймактык бүтүндүгү, улуттар аралык биримдиги жана ынтымагы үчүн күрөштүн алдыңкы катарында турган ата-мекендик атайын кызматтардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлөрүн айтты. 

Ошондой эле ал улуттук коопсуздук органдары мындан ары да Ата-мекендин кызыкчылыгы үчүн жан дили менен кызмат кылып, республиканын жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ички саясий курсун сапаттуу ишке ашырууну камсыздай турганын белгиледи.

424