Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев «Жер улак» боюнча беттеште казак командасынын оюн эрежелерин бузууларына калыстардын көз жумуп койгонуна нааразы болду.
«Ушундай дем менен эч кандай келишим дагы, өнүгүү дагы болбойт»,- деди ал.
Эскерте кетсек, Астанада өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында «Жер улак» боюнча Кыргызстан-Казакстан курама командалары беттешкен. Биринчи таймдын ортосунда казакстандык көкпарчы кыргызстандык улакчыны камчы менен чаап жиберген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram