Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 55 жашка толду.
Камчыбек Ташиев 1968-жылы 27-сентябрда Жалал-Абад облусунун Барпы айылында туулган. Томск мамлекеттик университети менен Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.
Өмүр таржымалы.
- 1987 – 1989-жылдары Советтик Армиянын катарына кызмат өтөгөн.
- 1993-жылы эмгек жолун “Мээрим-Ай” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасын негиздеп жана жетектөө менен баштаган.
- 1995-жылдан 2000-жылга чейин “Томас” өндүрүштүк-коммерциялык фирмасынын башкы директору болуп иштеген.
- 2000-2002-жылдары “Элет-Кенч” көп тармактуу айыл чарба кооперативи башкармалыгын жетектеген.
- 2002-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Аппарат жетекчисинин жардамчысы болуп иштеген.
- 2003-2005-жылдары Ленин районун мамлекеттик администрациясында раймамадминистрациянын башчысынын орун
- басары, биринчи орун басары болуп иштеген.
- 2005-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана суу ресурстары боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
- 2007-жылдын ноябрынан 2009-жылдын декабрына чейин — Кыргыз Республикасынынөзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, министр болуп иштеген.
- 2010-2013 — Жогорку Кеңештин депутаты;
- 2020-жылы 16-октябрда Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин башчысы болуп дайындалган.