УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилигине таянып, өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын ээлеп алган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирет.
И.Х аттуу адам УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилиги менен байланышым бар деген жалган маалыматтарды коомчулукка таратып, укук коргоо жана сот органдары тарабынан кылмыш ишин козгоо маселелерин чечүү боюнча кызмат көрсөтүп жүргөн.
2024-жылдын октябрь айында Д.Н.Д. аттуу жаран УКМК тарабынан Каракөл шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинен жер тилкелерин мыйзамсыз алып койгон деген айып менен кармалган. Бул жагдайдан пайдаланып, аталган жаран УКМКнын Жалал-Абаддагы жетекчилиги менен тыгыз байланышы бар экендигин айтып, айыпталуучунун туугандарынан баш коргоо чарасын өзгөртүү жана кылмыш ишин андан ары токтотуу үчүн 15000 АКШ доллары түрүндөгү акча каражатын алган.
Жыйынтыгында аталган акча каражат ага берилип, ал эми айыпталуучу келтирген зыяндын ордун толтуруп, ага карата кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.
Ошондой эле, И.Х 2024-жылдын ноябрь айында 4 жылга эркинен ажыратылган жарандын жакындарынан соттун өкүмү менен белгиленген жазаны өзгөртүүдө ортомчулук кызмат көрсөтүүнү айтып, кайрадан акчалай сыйлык сураган. Натыйжада ал соттолгон жарандын туугандарын өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана жетекчилик менен байланышы бар экендигине ишендирип, 1 287 000 сом акча каражатын ээлеп алган.
Учурда бул жаран кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. УКМК кармалган жарандын бул ишке окшогон кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккендерди (03722-5-49-61 жана WhatsApp – 0995 012210) ишеним телефонуна чалып коюуну суранат.