7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМКнын жалган кызматкери аныкталып, жоопко тартылды

1030

УКМКнын жалган кызматкери аныкталып, жоопко тартылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзүн атайын кызматтын кызматкери катары тааныштырып, өлкө жетекчилиги менен тааныштыгы бар экенин көрсөтүп, мыйзамсыз иш аракеттерди кылып жүргөн О.А. аттуу Кара-Суу районунун тургунунун өздүгү такталып, сот жообуна тартылды.

Такталган боюнча, О.А. атту жарандын психологиялык таасир көрсөтүүсүнүн натыйжасында «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери «Б.Э., 0,65 га жерге мамлекеттик сертификатты мыйзамсыз каттаткан жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктын тергөө камак жайына киргизилди.

Бул ишке байланыштуу О.С. аттуу жаран шектүү катары айыпталып, жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында анын жашаган жеринен жерди пайдалануу жаатындагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин көрсөткөн материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1031