7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКТ мүчөлөрүнө кол салуу. Ошто дагы бир шектүү кармалды

434

Ош шаарындагы адам өлтүрүүгө шектелген дагы бир жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Нурбек Чубаков аттуу Өзгөн районунун тургуну бүгүн Ош облусунун аймагынан кармалган.

«Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо жана кылмыш ишин толук ачуу боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда»,- деп бериплет билдирүүдө.

Эскерте кетсек, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кол салуу болуп, бирөө каза тапса, экинчиси ооруканага түшкөн. Кечээ, 13-январда аталган кылмышты уюштурду делип кримтөбөл “Женго” кармалып, анын шериктери, кылмышка түздөн-түз катыштыгы бар үч жаранга издөө жарыяланган. Ал эми, бүгүн, 14-январда аталган кылмышка шектелип дагы эки жаранга издөө жарыяланган. Кечээ, 13-январда издөө салынган 2 жаран бүгүн Чүй облусунун аймагынан кармалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

435