7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жаш жигитти өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды

790

Ош шаарында жаш жигитти өлтүрүүгө шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-январдан 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү банктын жанынан 1993-жылы туулган А. Н. аттуу жарандын сөөгү табылып, аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, ошол эле түнү ооруканага 1995-жылы туулган Н. М. аттуу жаран дагы оор абалда бычактан жаракат алып түшкөн.

Бул факт Ош ШИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүндө (адам өлтүрүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган.

14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүүгө аракеттинип жаткан жеринен издөөдө жүргөн жарандар К. у. Э. жана Р. у. А. кармалды.

Азыркы учурда өзгөчө оор кылмышка тиешеси бар башка адамдарды да кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791