«Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору – Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты жана Базар-Коргон районунун акими кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 13-январында УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү (“Алдамчылык”) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында “Альфа Телеком” ЖАКтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык филиалынын директору — Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Э.Б.А. жана Базар-Коргон районунун акими С.Дж.М. кармалды.
Аталган жарандар Кыргызстандын Т.И.А. аттуу жаранына Базар-Коргон шаарынын мэринин кызматына кайра келтирүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жана анын ишенимине кирип, жеке кызыкчылыкты көздөп, андан ары президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Ошол эле учурда алар мурда берген убадаларын аткарбай, акчасын кайтарбай, Т.И.А. коркута башташкан.
Учурда кармалгандар УКМК тергөө абагына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.