7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКТ мүчөлөрүнүн брондолгон унаалары мамлекеттин пайдасына алынды

574

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда, К.А. уюшкан кылмыштуу тобунун айрым активдүү мүчөлөрүнүн брондолгон автоунаалары мамлекеттин пайдасына алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында жалпы баасы 33 миллион сомдон ашык болгон 5 премиум класстагы брондолгон автоунаалар алынды. Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан кылмыштуу жол менен алынган акчалай жана материалдык каражаттарды легалдаштырууга, ошондой эле алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин каржылоо булактарына катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575