Прапорщик Бачиева Татьяна Ахматовна 2019-жылдан бери Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп келет. Кабардин-Балкар улутундагы Татьяна Бачиева Каракол шаарында төрөлгөн. Анын жолдошу дагы аскер кызматкери. Улутубуз башка болсо дагы үй бүлөбүз менен кыргыз тилинде сүйлөп, патриот үй бүлөлөрдүн катарын толуктайбыз дейт Татьяна айым.
— Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө тааныштырып кетсеңиз
— Мен Бачиева Татьяна, учурда ички аскерлерде кызмат өтөп жатканыма 3 жылдай болуп калды. Жолодошум дагы бул тармакта кызмат өтөйт, ал дагы Балкар улутунан. Үч балам бар, улуу кызым дагы аскер кызматкери болду. Чоң атам, чоң атамдардын баары бул жакка келип, шаарда жашап калышкан.
-Үй бүлөбүз менен кыргыз тилинде сүйлөйбүз деп калбадыңызбы. Каяктан үйрөнгөнсүз?
— Балалык кезимден бери эле Кара-Колдо жашагам. Ал жактагы мектепте көбүнчө кыргыз тилинде сүйлөшөт эле. Ошентип кичинекей кезден баштап эле кыргыз тилин өздөштүрүп алгам. Бир жака барып кыргызча сүйлөсөм таң калып, суктанышат. Базардан же таксиден кыргызча сүйлөгөндүгүм үчүн арзандатуулар көп болот)). Биз балдарыбыз болуп үйдө 80 пайыз кыргызча сүйлөйбүз. Кээде туугандар тамашалап өзүбүздүн тилде дагы сүйлөбөйсүнөрбү деп калышат.
-Кызмат өтөп жатканда кандай кызыктуу учурлар болгон?
Кызмат өтөп баштаганда кызыктуу учурлар менен кошо кыйынчылыктар дагы болбой койбойт. Окууну бүтүп келип, иш жүзүндө иштеп баштаган такыр башка экен. Бул жакта тартип күчтү, эртең менен эрте туруш керек. Башында ойлонуп жүрдүм эмнеге тапшырдым эле деп. Бирок, азыр өзүмдүн жумушумду аябай жакшы көрөм.
-Жумушумду жакшы көрөм деп калдыңыз, башка кесипти дагы элестетип көрдүңүз беле.
-Кичинекей кезимден бери эле военный болгум келчү. Жолдошум офицер, кээде бир жумалап үйгө келбей калат. Бул жагын дагы түшүнүү менен кабыл алыш керек. Азыр башка кесипти элестете албайм бирок, тамакты жакшы жасайм. Эс алуу күндөрү үй бүлөмө жакшы тамактарды жасап берем.
-Жаштарга кандай кеңеш берет элеңиз.
Баардыгына айтып келем аскердик кесип кызыктуу жана тактыкты талап кылган жумуш деп. Эртеңки күнүбүз корголуу болот… Андыктан коркпогула максатыңар үчүн күрөшкүлө дейт элем. Менин алдыдагы максатым элим үчүн татыктуу кызмат кылуу…
Маекти толугу менен 7-каналдын ютубунан көрө аласыздар ⤵️⤵️⤵️