7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизилди. Президент мыйзамга кол койду

6

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты президенттин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу жана президенттин администрациясынын 2025-жылдын 10-январындагы протоколдук тапшырмасынын 7-пунктун аткаруу, ошондой эле “Акылдуу шаар” долбоорунун “Коопсуз шаар” компонентин ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишин оптималдаштыруу болуп саналат.

Мыйзам менен КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда:

− укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча документтерди (аныктамаларды, протоколдорду, токтомдорду, тескемелерди) өндүрүштүн катышуучуларына электрондук форматта тапшыруу;

− ага карата укук бузуу жөнүндөгү иш боюнча өндүрүш жүргүзүлүп жаткан адамга электрондук документти электрондук почтанын дарегине же болбосо СМС-билдирүү аркылуу жөнөтүү менен кошумча билдирүү;

− Электрондук документти жеткирүү жана аны башка электрондук байланыш каналдары аркылуу жөнөтүү (маалымдоо) тартибин министрлер кабинети тарабынан аныктоо.

7