7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук коргоо органдары дзюдо боюнча мелдешке чыгышты (ФОТО)

689

11-мартта “Газпром” спорт комплексинде юридика илимдеринин доктору, мурдагы ички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Болотбек Ногойбаевдин жаркын элесине арналган укук коргоо органдарынын арасында дзюдо күрөшү боюнча 3 күндүк турнир болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, Курман Кубатбеков, Абдулда Суранчиев, Кемелбек Киязов, Болотбек Ногойбаевдин жакын санаалаштары, туугандары жана балдары катышты.

Бул турнирде УКМКнын, ИИМдин Ички аскерлеринин, Атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББнын, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлеринен куралган жалпы жети команда күч сынашты.

Биринчи орунду ИИМдин Ички аскерлеринин, экинчи орунду ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жана үчүнчү орунду УКМКнын жана Бишкек шаарынын ИИББнын командалары ээлешти.

Турнирде “Эң жакшы ыкма” номинациясына ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы Дайырбек Карыяев, “Эң жакшы көтөрүп чабуу” номинациясына УКМКнын кызматкери Нурсултан Жумабеков жана “Жеңишке болгон эрки” номинациясына ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери Кубат Сапарбаев татыктуу деп табылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында мелдешти ачык, акыйкаттуу жана адилеттүү өткөргөн калыстар тобун Бишкек ШИИББнын начальниги Азамат Ногойбаев медалдар менен сыйлады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

690