Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун катышуусунда мушташтан жабыр тарткан жарандын абалы учурда канааттандырарлык.
Дарыгерлердин акипресске берген маалыматына караганда, жабырлануучунун баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган жана мурду сынып, көзүнөн жаракат алган. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Мушташка аралашкан депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылган.