Бүгүн, 13-март күнү Аксы районун жалпы дарыгердик практикалык борборунун хирургия бөлүмүнүн чатырынан эртең мененки 09:00 чамасында өрт чыгып, жалпы имараттын чатырын каптап кеткен.
«Райондук администрациясынын жалпы аппараты, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жалпы элдер жардамга келишип, бейтаптарды көчүрүп, аппаратураларды чыгарышты. Хирургия, гинекология, төрөт, балдар бөлүмдөрүндө дарыланып жаткан бейтаптар башка бөлүмдөргө жайгаштырылды»,- деп билдиришти Аксы районунун Мамлекеттик администрациясынан.
Учурда өрт өчүрүү иштери токтотулду, жабыркагандар жок.