Жалал-Абад облусунун Аксы районунда оорукананын имаратынан өрт чыгып, 4 өрт өчүрүүчү бөлүп тартылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун, Кербен шаарынын Уметалиев көчөсүндө жайгашкан оорукананын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине өрттү өчүрүүгө жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм иш алып барууда. Учурда эвакуация иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.